Бишкекте бүгүн, 20-майда жыл сайын өтүүчү “Жүрөктөн жүрөккө” деген аталыштагы улгайган адамдардын буюмдарынын жарманкеси болуп өтүү.
Социалдык жарманкеге Чүй облусунун жана Ысык-Көл облусунун өздөрүнө өзү жардам берүүчү тайпалардын өкүлдөрү катышып жатат. Жалпы санынан жарманкеге 60ка жакын адам катышууда. Алар өздөрүнүн колунан чыккан буюмдарын жана ар кандай күнүмдүк жашоого керектелүүчү каражаттарды сатууда.
Жарманкеде кийизден жасалган буюмдар, токулган кийим-кечелер, оюнчуктар, балдардын чыптамалары, чоӊ жана кичинекейлерге арналган топу жана жүн байпактар, кооздолгон жаздыкчалар жана ушул сыяктуу көптөгөн буюмдар сатылууда. Ошондой эле, аталган акцияда тамак-аш, жумуртка жана үйдө өстүрүлгөн жашылчалар сатылууда.
“Биздин акция 2005-жылдан бери өтүүдө. Кыргызстандын калкынын жалпы санынын 10 пайызын картаӊдар түзөт. “Жүрөктөн жүрөккө” акциясынын негизги максаты коомчулуктун көӊүлүн буруп жана алардан колдоо табуу. Биздин улгайган жарандарыбыз татыктуу пенсия гана албастан, татыктуу камкордукка ээ болушу зарыл. Алар биздин арабызда экенин унутпашыбыз керек. Уюштурулган акцияга 50гө жакын өздөрүнө өзү жардам берүүчү тайпа бар. Ал бир тайпада 10-15ге жакын адам эмгектенет”, – дейт уюштуруучулардын бири Игорь Литвинов.
Аталган акция жылына 2 ирет өтөт. Экинчиси карыялар күнүн утурлай 1-октябрда өтөт. Бүгүнкү акциянын катышуучулары келген конокторго чакан концерт уюштуруп жана шахмат оюну уюштурулду.
“Бүгүнкү күндө, Кыргызстанда 550 миӊден ашуун улгайган жаран жашайт. Аларга карата аларды коргоо жана камкордук көрүү максатында бир катар мыйзамдар да бар. Биздин системада 1900гө жакын жаран социалдык жөлөк пул алууда. Социалдык жөлөк пулдун эӊ азы 2399 сомду түзүүдө. Андан сырткары 14кө жакын карылар үйлөрү иш алып барууда. Бүгүнкү күндө биздин карыяларыбыздын позициясы төмөн пенсиясына карабастан активдүү жана алар жөн гана отура бербестен, дайыма изденүүнүн үстүндө”, – дейт КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Куйкеев
Ошондой эле, министрдин орун басары жарандарды аталган акцияны колдоого чакырды.
“Жүрөктөн жүрөккө” акциясы “Бабушка Эдопшн”, “Балдарды коргоо борбору”, “Карыялардын ресурстук борбору” коомдук мекемелерин камтыган эл аралык “ЭйджНэт Интернэшл” картаюуну жана карыларды изилдөө эл аралык уюмунун демилгеси менен өтүүдө.
Источник: http://www.super.kg/kabar/news/66089/