Бишкекте бүгүн, 20-майда жыл сайын өтүүчү “Жүрөктөн жүрөккө” деген аталыштагы улгайган адамдардын буюмдарынын жарманкеси болуп өтүү.

Социалдык жарманкеге Чүй облусунун жана Ысык-Көл облусунун өздөрүнө өзү жардам берүүчү тайпалардын өкүлдөрү катышып жатат. Жалпы санынан жарманкеге 60ка жакын адам катышууда. Алар өздөрүнүн колунан чыккан буюмдарын жана ар кандай күнүмдүк жашоого керектелүүчү каражаттарды сатууда.  

Жарманкеде кийизден жасалган буюмдар, токулган кийим-кечелер, оюнчуктар, балдардын чыптамалары, чоӊ жана кичинекейлерге арналган топу жана жүн байпактар, кооздолгон жаздыкчалар  жана ушул сыяктуу көптөгөн буюмдар сатылууда. Ошондой эле, аталган акцияда тамак-аш, жумуртка жана үйдө өстүрүлгөн жашылчалар сатылууда.

“Биздин акция 2005-жылдан бери өтүүдө. Кыргызстандын калкынын жалпы санынын 10 пайызын картаӊдар түзөт. “Жүрөктөн жүрөккө” акциясынын негизги максаты коомчулуктун көӊүлүн буруп жана алардан колдоо табуу. Биздин улгайган жарандарыбыз татыктуу пенсия гана албастан, татыктуу камкордукка ээ болушу зарыл. Алар биздин арабызда экенин унутпашыбыз керек. Уюштурулган акцияга 50гө жакын өздөрүнө өзү жардам берүүчү тайпа бар. Ал бир тайпада 10-15ге жакын адам эмгектенет”, – дейт уюштуруучулардын бири Игорь Литвинов.

Аталган акция жылына 2 ирет өтөт. Экинчиси карыялар күнүн утурлай 1-октябрда өтөт. Бүгүнкү акциянын катышуучулары келген конокторго чакан концерт уюштуруп жана шахмат оюну уюштурулду.

“Бүгүнкү күндө, Кыргызстанда 550 миӊден ашуун улгайган жаран жашайт. Аларга карата аларды коргоо жана камкордук көрүү максатында бир катар мыйзамдар да бар. Биздин системада 1900гө жакын жаран социалдык жөлөк пул алууда. Социалдык жөлөк пулдун эӊ азы 2399 сомду түзүүдө. Андан сырткары 14кө жакын карылар үйлөрү иш алып барууда. Бүгүнкү күндө биздин карыяларыбыздын позициясы төмөн пенсиясына карабастан активдүү жана алар жөн гана отура бербестен, дайыма изденүүнүн үстүндө”, – дейт КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Куйкеев

Ошондой эле, министрдин орун басары жарандарды аталган акцияны колдоого чакырды.

“Жүрөктөн жүрөккө” акциясы “Бабушка Эдопшн”, “Балдарды коргоо борбору”, “Карыялардын ресурстук борбору” коомдук мекемелерин камтыган эл аралык “ЭйджНэт Интернэшл” картаюуну жана карыларды изилдөө эл аралык уюмунун демилгеси менен өтүүдө.

Источник: http://www.super.kg/kabar/news/66089/

“Жүрөктөн жүрөккө” акциясында "Балдарды коргоо борборунун" жеткинчектери чыгыш бийин тартуулады.

Бул ташбакалар коллекциясы "үй бүлөө" деп аталат. Анда атасы, апасы жана баласы бар.

“Жүрөктөн жүрөккө” акциясында "Балдарды коргоо борборунун" жеткинчектери чыгыш бийин тартуулады.
Акцияга келген карыялар үчүн шахмат оюну уюштурулду.
Оюнга жалпы санынан 8 адам катышып, жеӊүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Акциянын жүрүшүндө бул апа үн созуп,  жагымдуу ырды аткарды.
Бул апалар да өз чыгармачылыгы менен тааныштырып, 3-4 ыр аткарып беришти.
Бул апалар да өз чыгармачылыгы менен тааныштырып, 3-4 ыр аткарып беришти.
Акцияга келген коноктор кол чаап гана чектелбей, кошулуп ырдап да жатышты.
Акцияда сатыкка коюлган буюмдар.
Акциянан катышуучусу.
Акциянан катышуучулары.
Акцияда сатыкка коюлган буюмдар.
Акциянан катышуучусу.
Карыялар өз колдору менен жасаган жылуу чокойлор.
Баштыктардын баасы базардын баасына караганда бир топ арзан экени маалым болду.
Кыздардын кооз көйнөктөрү...
Иш күн болгондуктан кардарлардын саны аз болду. Буга карыялар нааразы болгондорун жашырышкан жок.
Иш-чарада сатылган кийимдер.
Акцияда кийим-кече гана эмес, жашылча жемиштер жана жумурткалар да сатылды.
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Иш күн болгондуктан кардарлардын саны аз болду.
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Кичинекей балдардын түрлүү түстүү чокойлору...
Акцияда сатыкка коюлган сувенирлер топтому.
Акцияда сатыкка коюлган сувенирлер топтому.
Бул куурчактар жөн гана кооз сувенир эмес, кутучанын да ролун аткарары таң калуу жаратат.
Боз үйдүн формасында жасалган кутуча.
Иш-чарада сатыкка коюлган буюмдар.
Иш-чарада сатыкка коюлган буюмдар.
Карыялар жасаган мончоктор.
Иш-чарада сатыкка коюлган буюмдар.
Иш-чарада жаздыкчалардын төрлөрү сатылды.
Иш-чарада жаздыкчалардын төрлөрү сатылды.
Акцияда сатыкка коюлган сувенирлер.
Бул ташбакалар коллекциясы "үй бүлөө" деп аталат. Анда атасы, апасы жана баласы бар.
"Мен бул акцияга 2006-жылдан бери катышып келатам. Өзүм жаш кезимен бери эле кол өнөрчүлүк менен алектенем", - дейт Чүй облусунан келген Гүлжамал Мукамбетова.
"Мен бул акцияга 2006-жылдан бери катышып келатам. Өзүм жаш кезимен бери эле кол өнөрчүлүк менен алектенем", - дейт Чүй облусунан келген Гүлжамал Мукамбетова.
Бул "роза калем сап" бир гана жазганга жарабастан көӊүлдү көтөргөнгө да жарайт экен.
Акцияда сатыкка коюлган кичинекей шырдак жана үй тиричилигине керектелүүчү каражаттар.
Акциянан катышуучусу.
Акцияга келген кардар.
Акциянан катышуучусу.
КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Куйкеев коомчулукту карыларга көңүл бурууга чакырды.